Бир катар депутаттар Бишкек мэрин шаардыктар шайласын деп сунушташууда

20 кишиден турган депутаттардын тобу мэрди шайлоо аркылуу аныктоо керек дешүүдө. Бул тууралуу бүгүн Финансы министрлигинде "Борбор калаанын статусу жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда "Ата-Журт" фракциясы "Борбор калаанын статусу жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап атат. Бул мыйзам долбоорун жактагандар Өмүрбек Текебаев менен Чыныбай Турсунбеков. Алар мэрди шайлоо укугу премьер-министрде болушун жактап, жергиликтүү бийликти борбордон ажыратууну колдошпойт. Бирок, 20 депутаттын катарына кирген Жээнбеков мыйзам долбоорунун бир катар пунктары менен макул эмес. Анткени алар замандын талабына жооп бербейт.

"Принципиалдык талаптар бар. Биз мэрди шаардыктар тандашын каалайбыз жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу борбордон ажыратылышы керек", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД