Депутаттар миграция маселесин Жаштар министрлигине берүү идеясын колдошту

"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары миграциялык кызматты Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине өткөрүп берүүгө каршы эмес. Бүгүн, 18-январда, фракция өкмөттүн бийлик органдарын жакшыртуу боюнча сунушун карап атат.

Фракция жыйынына негизги баяндамачы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ордуна келген вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев учурда миграциялык саясат менен Тышкы иштер министрлиги иш алып барып атканын эскертти. Ал ошондой эле ТИМ дагы чындыгында миграция маселелерин Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине өткөрүп берүүгө каршы эмес экенин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД