Акыйкатчылык кызматка келүүнү каалаган талапкерлерди парламент 23-январда карайт

23-январда Жогорку Кеңештин депутаттары акыйкатчы болууну каалаган 15 кишинин талапкерлигин карайт. Бул тууралуу учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун "ВБ"га билдирди.

Ал кечээ жана мурда күнү талапкерлерди Жогорку Кеңештин аппараты чакырганын белгиледи. Бирок, Сох анклавынын айланасында болгон талкуу көпкө созулуп кеткендиктен жаңы акыйкатчыны шайлоо кийинкиге жылдырылган.

"Эгер мен шайланбай кала турган болсом да, акыйкатчылык орунга укук коргоочулардын бирөө келишин каалайм", - дейт Акун.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД