Милициянын полковнигин өлтүрдү деп шектелген 3 киши Оштон кармалды

Милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрдү деп шектелген 3 киши Оштон кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен "ВБ"га билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр кечээ, 17-январда, ИИМ менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин биргелешкен атайын иш-чаранын жүрүшүндө кармалган. Кармоо тууралуу кененирээк маалыматты ИИМ кабарлаган жок.

Укук коргоо органдарындагы булактар иш ИИМ менен МУКК тарабынан катуу көзөмөлдө тургандыктан кандайдыр бир маалымат беришкен жок.

Эскертсек, Шоноев 11-январда үйүнүн алдынан атылып өлтүрүлгөн.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги полковникти өлтүргөндөрдүн кайда жашынганын так айткандарга 1 млн сом сыйлык берилерине сөз берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД