Парламенттин темир торун алуу боюнча Келдибековдун идеясын популизм деп аташты

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары өз жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибековдун парламент имаратын курчап турган темир торду алуу боюнча идеясын популизм деп аташты.

"Темир торду алып коюу Жогорку Кеңешке кирүү жеткиликтүү болот деп кепилдик бербейт", - деп билдирди арнамысчы Кожобек Рыспаев.

Анын коллегалары бул ой менен макул болуп, "Ата-Журттун" кээ бир мүчөлөрү Жогорку Кеңешке мыйзамсыз түрдө элдин тобун алып кирүүгө болгон аракетин эске салышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД