Атамекенчилер бир катар агенттиктер менен министрликтердин ишине ыраазы эмес

"Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту эмне иш кылат? Экономиканыбы? Эгер керек болсо, бул органды МУККга бериш керек. Анткени алар этностор ортосундагы жана башка маселелер боюнча иш алып барышат",- деп "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов фракция жыйынында билдирди.

Анын айтымында, "туризмди да өнүктүрүү керек, аны бир гана ведомствого берип койбостон мамлекеттик деңгээлде көтөрүш керек". "Бул тармакка туристтерди тартуу үчүн бардык шартты түзүп, каражат бөлүш керек жана айлана чөйрөнү да коргоо зарыл. Менде курам боюнча көп сунуштар бар", - деп белгиледи Төлөгөнов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД