Дмитрий Кабак: Мурдагы юстиция министри кайтадан акыйкатчылыкка талапкер болууда

Мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов кайтадан акыйкатчылыкка талапкер болууда. Бул тууралуу акыйкатчылык кызматка талапкер укук коргоочу Дмитрий Кабак "ВБ"га билдирди.

Ал Кайыпов профилдик комитеттин жыйынына келбегендиктен талапкердердин тизмесинен чыгарылганын билдирди. Бирок, кечээ талапкерлердин арасында кайтадан жүргөн.

Комитет тарабынан бекитилген талапкерлердин тизмесинде Турсунбай Бакир уулу, Азиза Абдрасулова, Иса Токоев, Турсунбек Акун, Токтокан Боромбаева, Чолпон Койчуманова, Дмитрий Кабак, Нурдин Сулайманов, Акылбек Сариев, Айчүрөк Тазабекова, Акин Токталиев, Темирбек Арымбаев, Ашыркул уулу Токторбек, Маматурайым Момунов жана Марат Кайыпов бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД