Текебаев: Министрлер кабинетинин структурасы анчейин деле өзгөргөн эмес

"Министрлер кабинетинин структурасын өзгөргөн деле эмес. Бизге болгону алардын кээ бир функцияларын өзгөртүүнү сунуштап атышат. Жалпысынан биз сунушталган структураны колдойбуз", - деп "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракция отурумунда билдирди. Жыйында бийлик органдарын жакшыртуу боюнча сунуш каралды.

Анын айтымында, фракция ТИМдеги Миграциялык кызматты башка министрликтин карамагына бергенге каршы эмес. Ошентсе да фракция мүчөлөрү алардын сунуштары эске алынат деген ойдо.

"Губернаторлор тууралуу айта турган болсок, көптөгөн жаңылыктарды кааласак президент өз указы менен киргизе алат. Кечээ Сох тууралуу көп айтылды. Эгер керек болсо, бажы тармагындагы чиновниктердин укуктарын күчөтүп, же Баткен боюнча атайын өкүлдү министр деп да атасак болот. Албетте, булардын баары керек болсо жасалышы кажет", - дейт эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД