КСДПнын бир катар депутаттары ЖАМКны ИИМге берүүнү сунуштады

КСДП фракциясынын бүгүнкү 18-январдагы жыйынында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын ИИМдин курамын берүү сунушу айтылды. Бул тууралуу социал-демократ Эркин Сакебаев билдирди.

"Жыйынга болгону 9 гана киши катышкандыктан, чечим кабыл алган жокпуз", - деди ал.

Эскертсек, КСДПнын жыйыны жабык эшик артында өттү.

Маалымат үчүн

Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өкмөткө баш ийет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД