Жолдошова ГЭС курууда Орусия менен болгон макулдашууну ратификациялоого каршы

Депутат Жылдызкан Жолдошова Жогорку Нарын каскадына жана Камбар-Ата – 1 ГЭСтерин Орусия менен биргеликте куруу боюнча макулдашууну ратификациялоого каршы. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-январда, "Ата-Журт" фракциясынын отурумунда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал Кыргызстан менен Орусия ортосунда түзүлгөн келишимдин кээ бир пунктары менен макул эмес.

"Уставдык капитал 50гө 50 – бул жакшы. Бирок келишим боюнча Орусия тарап ГЭС куруу үчүн жылдык пайызы 2,5% кредит алат. Кредитти төлөп бүткүчө биз аларга үлүшүбүздүн 25% беришибиз керек. Эгер андай боло турган болсо, биздин өкмөт коммерциялык банктардан кредит алып өзү деле курса болот", - дейт Жолдошова.

Ал ошондой эле Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу долбоору союз учурунда эле иштелип чыкканын белгиледи. Бирок бул долбоор СССР ураган соң ишке ашпай калган.

"ГЭС курула турган жер сейсмикалык жактан коркунучтуу экенин эске алуу керек. Келишимге ылайык, кандайдыр бир катаклизм же жер титирөө боло турган болсо Кыргызстан Орусиянын бардык чыгымдын ордун төлөп бериши керек. Бул туура эмес. Биринчи кезекте анын техникалык негиздөө жагын иштеп чыгып, андан кийин гана келишимге кол коюш керек болчу. Биздин өкмөт болсо барын тескери жасады. Кийин соттошо турган болсок, биз келишимдин негизинде соттошобуз, анын шарттары бизге пайдасыз", - дейт Жолдошова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД