Өмүрбек Текебаев: ГЭС тууралуу болуп аткан иштер “Кумтөрдү” эске салууда

"Ата Мекен" фракциясынын жыйынында анын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстан жана Орусия өкмөтү ортосунда түзүлгөн келишим боюнча Жогорку Нарын каскадына жана Камбар-Ата – 1 ГЭСтеринин курулушу боюнча жеке оюн билдирди.

"Мындан мурдараак "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаров "Кумтөр" боюнча комиссиянын жыйынында менин мындан бир канча жыл мурда айткандарымды көргөздү. Мен анда "Кумтөр" бул чоң алдамчылык деп айткам. Ошондо Канаданын "Камеко" компаниясы бизге барын жасап беребиз дешкен. Чындыгында алар өз каражаттарын аз алып келген, анын ордуна кредит алып келген. Аны кийин биздин төлөшүбүз керек болду. Азыр ГЭСтин айланасындагы окуялар да ошол убактагы "Кумтөрдү" элестетип атат. Камбар-Ата ГЭСин курууда биз бир гана жер бербей, өз каражатыбызды да салып атканыбызды унутпашыбыз керек. Орусиялыктар эч нерсе салым кошпой туруп эле, биргеликте ишкана түзүп, андан соң гана каражат табууну айтууда. "Кумтөр" качандыр бир кезде жабылып калышы мүмкүн, ал эми ГЭС болсо – жүздөгөн жылдар бою иштей турган долбоор. Анткени бизде суу дайыма болот. Бул биздин уникалдуу байлыгыбыз. Орусиялыктар кредит табабыз деп сөз берип атат. Андан башка эч нерсе жок. Биздин тукумубузду да бага тургандай кылып мегадолбоор түзсө болот", - дейт Текебаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД