Өзбекстан чек арадагы өткөрүү пунктарын бир тараптуу жапты

17-январдан баштап "Достук", "Маданият", "Кеңсай" кыргыз-өзбек мамлекеттер аралык чек арасында өзбек тарап жарандарды жана транспортторду бир тараптуу тартипте гана өткөрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, Кыргызстандын жарандарына Өзбекстан аймагынан чыга алат, ал эми Өзбекстандын жарандарына кирүүгө гана уруксат бар.

Белгиленгендей өзбек тарап Кыргызстандын жарандарын Өзбекстан аркылуу транзиттик учуу боло турган болсо гана авибилети менен киргизүүдө. Аталган чектөөлөр бир гана Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына карата колдонулууда. Башка үчүнчү мамлекеттин жарандарына карата эч кандай тоскоолдук жок.

18-январдан тартып эки мамлекеттин чек арасында орун алган "Кызыл-Кыя" өткөрүү пункту жабылды.

Аталган чаралар Өзбекстан тараптан эч кандай расмий билдирүү болбостон ишке ашкан, деп билдирди басмасөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД