“Узтрансгаз” Кыргызстандын түндүгү үчүн газ берүүнү азайтты

"Узтрансгаз" карыздан улам Кыргызстандын түндүгү үчүн берилчү газды азайтты. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда, өкмөттүн селектордук жыйынында "Кыргызгаз" ААКтын директор орун басары Куралбек Наскеев билдирди.

Ал Өзбекстан газга болгон карызды төлөө боюнча маселени кабыргасынан коюуда.

Наскеев ошондой эле көгүлтүр отунду алуу боюнча жаңы келишимге дагы деле кол коюла электигин айтты. "Азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД