“Кыргызжилкоммунсоюздун” газга болгон карызы үчүн өкмөт 45 млн сом бөлөт

Финансы министрлиги "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын "Кыргызгазга" газ үчүн болгон карызына 45 млн сом бөлөт. Мындай чечим өкмөттүн бүгүнкү, 18-январдагы, селектордук жыйынында кабыл алынды.

"Кыргызгаздын" директорунун орун басары Куралбек Наскеев аталган мамлекеттик ишкана газ үчүн 89 млн сом карыз болгонун айтты.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мамлекеттик мекемени калган карызын төлөөгө чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД