Дастан Бекешев: Жогорку Кеңеш акыйкатчыны 23-январда шайлайт

Жогорку Кеңеш өлкөнүн акыйкатчысын 23-январда боло турчу пленардык жыйынында шайлайт. Бул тууралуу "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Facebook социалдык тармагына жазды.

"23-январда биз акыйкатчысыны шайлайбыз. 18 талапкердин ичинде "түрдүү" личностор бар", - деп жазат эл өкүлү.

Эскертсек, Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлү комитети 25-декабрда акыйкатчылык орунга ат салышкан талапкерлердин тизмесин бекиткен. Комитет тарабынан бекитилген тизмеге Турсунбай Бакир уулу, Азиза Абдирасулова, Иса Токоев, Турсунбек Акун, Токтокан Боромбаева, Чолпон Койчуманова, Дмитрий Кабак, Нурдин Сулайманов, Акылбек Сариев, Айчүрөк Тазабекова, Акин Токталиев, Темирбек Арымбаев, Ашыркул уулу Токторбек, Маматурайым Момунов кирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД