Жоомарт Оторбаев: Өкмөт дарылардын кымбаттоосуна жол бербейт

Өкмөт дары-дармекке болгон баанын жогорулоосуна жол бербейт. Бул тууралуу 18-январда вице-премьер-министр Жоомарт Отобаев билдирди.

Эскертсек, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта Салык кодексине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, дары-дармекке болгон кошумча нарк салыгы (КНС) 12% болуп белгиленген. Ушундан улам фармкомпаниялар дарыга болгон баа 25-50%га чейин кымбаттайт деп билдиришкен.

Оторбаевдин айтымында, эгер ден-соолук үчүн эң биринчи керектүү болгон дары-дармектерге карата калктын нааразычылыгы болсо, анда тизмени кайтадан анализдеп чыгуу керек.

"Биз коомдун аялуу катмары болгон – ардагерлер жана майыптарга артыкчылык беришибиз керек. Фармкомпаниялар алып аткан пайда боюнча ал жерде атайылап сүйлөшүп алып, же монополия болгондуктан баа өсүшү мүмкүн дешүүдө. Ошентсе да монополияга каршы орган баанын өсүүсүнө жол бербейт. Биз фармкомпаниялардан эмне үчүн дарынын баасы кымбат деп сурайбыз. Кошумча нарк салыгынын киргизилиши менен биз бюджетке 5 млрд сом пайда алмакпыз, ал коомдун кедей катмарын колдоо үчүн жумшалмак",- дейт Оторбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД