Депутаттар Сох боюнча токтомдун долбоорун жабык эшик артында талкуулашууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Сох анклавы боюнча токтомдун долбоорун жабык эшик артында талкуулашууда.

Эскертсек, буга чейин депутаттар маселени эки күн карашкан. Бул маселенин айланасында талкуу бейшемби күнү эле аяктаган болчу. Ошентсе да депутаттар палатанын токтом боюнча долбоорун кабыл ала алышкан эмес. Токтомдун акыркы вариантын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы, коргонуу жана коопсуздук, эл аралык иштер, транспорт жана коммуникация комитеттеринин биргелешкен жыйынында кабыл алуу чечими чыгарылган болчу. Төрт комитеттин биргелешкен жыйыны кечээ, 18-январда, болгон. Бирок депутаттар Сохто катталган жаңжал боюнча токтомдун бирдиктүү долбоорун кабыл ала алышкан эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД