Чек ара кызматынын жаңы башчысы журналисттерге жакын болууга сөз берди

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Токон Мамытов бүгүн, 19-январда, Жогорку Кеңештин жыйынына акыркы жолу катышты. Анын эми мурдагы коллегалары Сохто орун алган жаңжалды жабык эшик артында карашты. Эскертсек, кечээ президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Токон Мамытов Закир Тиленовдун ордуна Чек ара кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

Мунун алдында бир катар ЖМКлар Мамытов МУККнын, Башкы прокуратуранын же Ички иштер министрлигине жетекчи болуп барат деп боолголоп жазышкан эле. "Силер чындыгында болбогон нерсени ойлоп табасыңар", - деп ЖМКда маалымдалган кабарга түшүндүрмө берди. – Менин депутат болгонум эмне үчүн журналисттерди канааттандырбайт?,- деп суроо салды ал.

Ага карабастан күч түзүмүнө келүү боюнча Мамытовго такай сунуштар түшүп турган.

Журналисттер өз кезегинде Мамытовдон жаңы кызматка дайындалгандан кийин журналисттер үчүн жабык болгон атка минерлердей болосузбу деп сурашты. Ал андай болбой тургандыгын билдирди. "Атка минерлердин маселеси журналисттер үчүн кызыктуу болгон окуялар боюнча комментарий берүүдөн баш тарткандыгында болууда. Ушундан улам коомдо түрдүү пикирлер жаралууда", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД