Депутаттар өкмөттөн чек арадагы өткөрүү пунктары боюнча сүйлөшүүнү суранды

"Биз Кыргызстандын өкмөтүн Өзбекстандын министрлер кабинети менен контролдук өткөрүү пунктундагы иштерди эки тараптуу режимде иштөөсү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү суранабыз", - деп КСДП фракциясынан вице-спикер, Өзбекстандын Сох анклавындагы кырдаалды иликтөөгө алган жумушчу топту жетектеген депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Анын айтымында, жаңжал болгон жерге келгенден кийин жумушчу топтогу депутаттар өкмөткө, анын ичинен Жантөрө Сатыбалдиевге жана Тайырбек Сарпашевге жеке кайрылышкан. "Бүгүнкү күнү эки мамлекет ортосунда талаш жаратпаган жерлер тикенек зымдар менен тосулууда", - дейт Зулпукаров.

Ал Өзбекстан менен чектешкен аймакта 15 контролдук өткөрүү пунктары эки тараптуу макулдашууга ылайык иштеп келген болсо, азыр анын 10у бир тараптуу режимде иштеп айтканын билдирди. "Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын аймагына өтө алат, а биздин жарандар алардын аймагына өтө албайт. Алар болгону "Достук" контролдук өткөрүү пунктунан гана өтө алышат. Биз Кыргызстандын өкмөтүн Өзбекстандын министрлер кабинети менен контролдук өткөрүү пунктундагы иштерди эки тараптуу режимде иштөөсү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү суранабыз", - деп кошумчалады Зулпукаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД