Centerra Gold Inc’тин президенти өкмөт менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке келди

Centerra Gold Inc компаниясынын президенти Ян Аткинсон бул жумада Бишкекке келип кетти. Компания жетекчисинин Бишкекке келиши "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгына байланыштуу. Бул тууралуу болгон сүйлөшүүгө тийиштиги бар жеке булактардан "ВБ"га маалым болду.

Ян Аткинсон биринчи вице-премьер-министр Кубат Оторбаев менен жолукту. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу болгон эмес. Жеке булак жолугушуунун жыйынтыгы кандай болгонун тактаган жок.

Мамлекеттик комиссия Centerra Gold Inc компаниясы менен сүйлөшүү жүрүгүзүүгө үч ай берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД