Депутаттарга фракциядан чыгып, депутаттык топторго биригүүгө уруксат берилди

Жогорку Кеңештин депутаттарына фракциядан чыгып, депутаттык топторго биригүүгө уруксат берилди. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-январдагы, жыйынында үч окууда жактырылды.

Эскертсек, депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү "Ата-Журт" фракциясынан чыгып кеткен Хаджимурат Коркмазов тарабынан демилгеленген болчу.

Бул мыйзам долбооруна ылайык, фракциядан чыгарылган депутаттар биригип өз топторун түзө алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД