Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды үч окууда жактырды

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда жактырды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-январдагы, жыйынында кабыл алынды.

Бул мыйзам долбоорун көпчүлүк эл өкүлдөрү колдоого алышты.

Эскертсек, киргизилген өзгөртүүгө ылайык, эгер көпчүлүк жергиликтүү тургундар кыргызча сүйлөсө, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинде бардык иш өндүрүшү кыргыз тилинде жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД