Өзбекстан карыздан улам газды кайтадан өчүрөбүз деп коркутууда

Бүгүн, 19-январда, Өзбекстан карыздан улам газды өчүрөбүз деп коркутту. Бул тууралуу "Кыргызгаздан" "ВБ"га билдирди.

Компаниядан белгилегендей, учурда Кыргызстандын карызы 4 млн 183 миң доллар. Анын 3,6 млн доллары Казакстанга болгон карыз болсо, Өзбекстанга болгон карыз 552 миң долларды түзөт.

Ошол эле учурда "Кыргызгаздын" кардарлары компанияга 4 млн 655 миң доллар карыз. Эң негизги карызкорлор "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы (94 млн сом), "Бишкекжылуулукэнерго" (74 млн сом).

"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунан билдиргендей, карыздарды төлөө азайбастан тескерисинче көбөйүүдө. Ушундан улам абалды компания критикалык деп баалоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД