Кара-Балтанын жергиликтүү “смотрящийи” атып өлтүрүлдү

Кечээ, 18-январда, Кара-Балтанын борборундагы үйүнөн саат 17-00 чамасында Урмат Садабаев атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу ИИМден "ВБ"га билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, каза болгон киши уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Кара-Балтанын "смотрящийи" делинип келген. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, Макаров тапанчысынын окторун тапкан.

"Садабаевдин башына бир нече ок тийген", - деп билдирди ИИМ.

Аталган иш боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД