Сох анклавын айланып өтүүчү жол 21-январга карата курулуп бүтөт

Сох анклавын айланып өтүүчү жол 21-январга карата курулуп бүтөт. Бул тууралуу бүгүн 19-январда вице-спикер Төрөбай Зулпукаров "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, "Божой" айланып өтүүчү жолун куруу кызуу жүрүүдө. "Баткен облусундагы өкмөттүн атайын өкүлү Жеңиш Разаков дүйшөмбү күнгө чейин жолду куруп бүтүү аяктарын билдирди. Бүгүнкү күнү болжол менен 3 км жол калды", - дейт Зулпукаров.

Ал ошондой эле Баткен облусунун чек ара менен чектешкен бир катар аймактарында тикенек зым менен тосуу иштери жүрүп атканын кошумчалады. Демаркация жана делимитация иштерин Кыргызстандын өкмөтү чечүүдө.

"Ал эми Кыргызстандын жарандарына төлөнүп берилүүчү материалдык компенсация тууралуу айта турган болсок, 50 миң доллардан ашык каражат төлөнүшү керек. Менде аны эки транш менен төлөп берүү боюнча маалымат бар", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД