Өзбекстан менен чектешкен кээ бир аймактардын делимитация иши мартта аяктайт

Өзбекстан менен чектешкен кээ бир чек ара аймактарынын делимитация жана демаркация иштери 2013-жылдын март айына карата аяктайт. Бул тууралуу вице-спикер Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 19-январда, "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен чек ара аныкталган бир катар аймактарды тикенек зым менен тосуу иштери жүрүүдө.

"Бир катар чек ара аймактарындагы демаркация жана делимитация иштери ушул жылдын март айына карата аяктайт. Себеби, дал ушул жерлерде кайтадан жаңжал чыгып кетүү ыктымалдуулугу бар", - дейт Зулпукаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД