Бишкекте Ош облусундагы уюшкан кылмуштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери коркутуп акча өндүрүүгө шектүү деп уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызмыткерлери билдирди.

Өткөн жылдын аягында Ош облусунун Кара-Суу районунда белгисиз эркек уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүмүн деп, ишкерди коркутуп 300 доллар алган.

Мындай кабар башкармалыктын кызматкерлерине жетип, тийиштүү ыкчам маалымат чогултулган.

Милиция кызматкерлери шектелген адамдын өздүгүн такташкан. Ошентип Бишкектен 39 жаштагы Ош облусунун тургуну кармалган.

Аталган факт боюнча "Опузалоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД