Журналисттерди сабады деп шектелген Кулбаевге карата козголгон кылмыш иш жабылды

КТРКнын жураналисттери Бурул Пусурманкулова жана Ширин Асанакунова арыздарын кайта алышты. Кулбаев болсо бошотулду.

Таяк жеген КТРКнын журналисттери Бурул Пусурманкулова жана Ширин Асанакунова экс-депутат Айдин Кулбаевдин баласына карата жазган арыздарын алышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда, Кулбаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди. 19-январда Кулбаев камактан чыккан.

Адвокат ошондой эле Кулбаев сынган микрофондун акысын да төлөп берет.

"Биздеги видео-жазуу журналисттердин арызын төгүнгө чыгарды. Балким бул да алардын чечимине себепкер болушу мүмкүн", - дейт адвокат.

Эскертсек, 7-январда КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасынын журналисттери Бишкектин Ата-Түрк паркынын Малдыбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн электр энергиясына болгон төлөмдү төлөбөй аткандыгы тууралуу материал жасап жүргөн учурда сабалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД