КТРКнын журналисттери Кулбаевдин балдарын аягандыктан гана арыздарын алышкан

"Бизге Кулбаевдин ата-энеси жана үй-бүлөсү келди. Кечирим сурашты", - деп КТРКнын журналистти Бурул Пусурманкулова арыздарын эмне үчүн алгандыгына түшүндүрмө берип атып "ВБ"га билдирди.

Журналист боору ооругандык жана аягандыктан гана арыздарын алгандыгын айтып, эч кандай материалдык компенсация албагындыгын белгиледи. "Анын балдары апасынан "атабыз кайда?" деп сурашын каалаган жокмун. Менин да кызым бар", - деп кошумчалады ал.

Эскертсек, 7-январда КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасынын журналисттери Бишкектин Ата-Түрк паркынын Малдыбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн электр энергиясына болгон төлөмдү төлөбөй аткандыгы тууралуу материал жасап жүргөн учурда сабалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД