Чүй облусунда болгон жол кырсыгында адам өлдү

Чүй облусунда Бишкек-Торугарт авто жолунун 103 чакырымында, Боролдой айыл аймагында жол кырсыгы катталып, адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан "ВБ"га билдиришти.

"Митсубиси" (мам. номери В8343V) үлгүсүндөгү машина "ВАЗ-2106" (S1301О) машинасы менен кагылышкан. Кырсык болгон жерге Токмок шаарынын куткаруучулары барышкан. Жапа чеккен бир адам атайын жабдыктардын жардамы менен машинадан чыгарылган. Жергиликтүү ооруканага 5 киши жеткирилген.

"ВАЗ-2106" машинасынын ээси, Кичи-Кемин айылынын тургуну кырсык болгон жерден каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД