Сох анклавын айланып өтүүчү жол Божой айылы аркылуу курулууда

Баткен облусунда Сох анклавын айланып өтүүчү жол Божой айылы аркылуу курулууда. Кыштут айыл аймагында учурда Бел-Согот – Божой трассасын кеңейтүү үчүн иш кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жумушчулар 21 чакырым жолдун 14 чакырымын түздөп бүтүштү. Андан сырткары трассада орун алган кээ бир бурулуштарда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштер жасалууда.

Эскертсек, бул жол Чарбак айылында болгон окуядан кийин курулуп баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД