Министр: Дизелдик майды бензиндин кымбатташынан улам арзандатса болот

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин бүгүнкү, 21-январдагы, жыйынында Айыл-чарба министри Чынгысбек Узакбаев учурда Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө дизелдик майдын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүү жүрүп атканын билдирди.

Министр жазгы талаа иштерине 42,1 миң тонна күйүүчү жана майлоочу май бөлүнгөнүн айтты. Анын 13,3 миң тоннасы же 30%ы алынып келинген.

"Күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа 39-42 сомдун айланасында. Учурда дизелдик май көп талап кылынып аткандыктан министрлик нефтерейдерлер ассоциациясы менен Аи-80 маркасындагы бензиндин кымбаттаганынан улам тракторлор үчүн дизелдик майдын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө", - деп белгиледи министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД