Адис: Данияр Дунганов кайсыл маал болбосун өлүп калышы мүмкүн

"Айыпталып аткан Мамлекеттик коргоо кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Данияр Дунганов кайсыл маал болбосун өлүп калышы же майып болушу ыктымал", - деп 2010-жылдын апрель окуялары боюнча сот отурумунда Улуттук госпиталдын Республикалык кан тамыр борборунун директору Мамбетакун Намазбеков билдирди.

Анын айтымында, Дунганов атеросклероз менен ооруйт. Ал бардык ички органдарды, анын ичинен баш мээни камсыз кылган кан тамырын, боорду, угуу органдарын жана көздү жабыркатат. Адисттин айтымында учурда Дунгановдун оорусу күч алып, ал жайылууда.

"Өткөн жылы айыпталуучунун баш мээсинин 52% кан тамыры жабыркаган, бул жылы ал 63% болду. Оору тездик менен жайылып атат. Дунганов майып болуп, же өлүп калышы мүмкүн",- дейт Намазбеков.

Ал ошондой эле Дунганов дарыланууга муктаж экенин, бирок ал абакта мүмкүн эместигин кошумчалап, маселе хирургиялык жол менен гана чечиле турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД