Бүгүн түнү Камчыбек Ташиевдин ден-соолугу дароо начарлап кеткен

Бүгүн түнү "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин ден-соолугу дароо начарлап кеткен. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бүгүн түнкү саат 12ден таңкы саат төрткө чейин Ташиевдин кан басымы жогорулап кеткен.

"Атайын поликлиниканын жана МУККнын аскердик-медициналык кызматынын дарыгерлеринин биргелешкен аракетинен улам анын абалы жөнгө салынды", - дейт Айткулов.

Учурда Ташиев МУККнын аскердик-медициналык кызматынын дарегерлеринин катуу көзөмөлүндө экенин адвокат кошумчалады.

Ташиевдин ден-соолугу эмне себептен дароо начарлап кеткендигин даргерлер иликтөөдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД