Зоводу курулса жер семирткичтин килограммы 5-7 сом болот

"Эгер Кытай Кыргызстанга завод кура турган болсо бир килограмм жер семирткич 5-7 сомдон болот", - деп Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин бүгүнкү, 21-январдагы, жыйынында Айыл-чарба министри Чынгысбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, жылыга жазгы талаа иштери башталган убакта минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодо көйгөй жаралып келет.

"Кыргызстанга 340 миң тоннадай минералдык жер семирткич керек. Өлкөгө алынап келингендер кымбат сатылууда. Аны айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөрдүн бардыгы эле сатып ала албайт. Жыл сайын премьер-министр 200 тонна жер семирткичти арзан баада алуу үчүн Өзбекстандын бийлигине кайрылат. Бирок сүйлөшүлгөн нерсенин баары эле аткарылбайт", - дейт Узакбаев.

Ал ошондой эле бүгүн минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод куруу маселеси курч экенин белгиледи.

"Азыр Кытай тарап менен минералдык жер семирткичтерди чыгара турган завод куруу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Бирок аларга мамлекет тарабынан кепилдик керек. Эгер бул маселе чечиле турган болсо, анда өлкөдө бир килограмм жер семирткич 5-7 сомдон болуп калат. Эгер баа ушундай болсо, аны дыйкандар сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетет", - дейт министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД