Кытайда соттолгон кыргызстандыктар мекенине алынып келиши мүмкүн

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-январдагы, жыйынында башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова соттолгон адамдарды алып келүү жөнүндө 2012-жылдын 5-июнунда Пекинде кол коюлган келишимди ратификациялоону депутаттарга сунуштады.

Усманованын айтымында, Кытайда 20 Кыргызстандын жараны соттолгон. Аладын 16сы героин маңзаты менен соттолсо, эки жаран адам өлтүргөнү үчүн, бирөө уурулук жана дагы бирөө бөкөндүн мүйүздөрүн мыйзамсыз саткандыгы үчүн эркинен ажыратылган.

"Кээ бири абакта 1999-жылдан бери отурат. Алардын 11и өмүр бою эркинен ажыратылган. Калгандарынын да жаза өтөө мөөнөтү чоң", - деп кошумчалады ал.

Башкы прокурордун жардамчысы 2012-жылы чоң көлөмдөгү маңзат менен кыргызстандык аял кармалып, ал өлүм жазасына тартылганын белгиледи.

"Азыр биз өлүм жазасы боюнча маселени карап атабыз. Бизде өлүм жазасына мораторий киргизилген. Келишимдеги шарттарга ылайык, аларды Кыргызстанда өмүр бою абакка кесүүнү камсыз кылуу үчүн алгач аны Кытайда сот аркылуу алмаштыруу керек. Келишимдин жобосунда түрдүү баш коргоо чарасын алуу үчүн Кыргызстан экинчи жактын макулдугун алуусу кажет деп каралган. Мындай иш тажрыйбада кездешет, бирок анын прецедурасы өтө татаалдашкан. Биз эки тараптуу принциптердин шартында гана иш алып баруудабыз. Макулдашуу соттолгон адамдарды бир-бирине өткөрүп берүү механизмин системалаштырат. Аларга кеткен чыгымды ар бир тарап өзү көтөрөт", - дейт Усманова.

Комитет жыйынына келген =http://www.vb.kg/doc/212962_myyzamdyylyk_bouncha_komitettin_jyyynyna_anyn_tragasy_anan_bir_depytat_keldi.htmlэки депутат келишимдин ратификациясын жактырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД