Жаңы КНСтен улам пенсионерлер дарыканадан жеңилдетилген дары ала албай калды

"Неман" дарыканалардын тармагы пенсионерлерге каралган 5% жеңилдикти алып салды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында "Неман-Фарм" компаниясынын медициналык-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Урмат Жумашев билдирди.

Анын айтымында, жеңилдетилген дарылардын тизмеси кошумча нарк салыгы (КНС) төлөнө турган дарыларга кирип калгандыктан жеңилдетүү алынып салынган.

"Биз чыгаша үчүн иштебейбиз. Анткени кайсыл дарыларга карата кошумча нарк салыгы карала турганын так билбейбиз. Ошондуктан жакын арада дарыга болгон баа деле жогорулабайт", - дейт Жумашев.

Эскертсек, 1-январдан тарта Салык кодексине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, дары дармектерге 12% кошумча нарк салыгы каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД