Адилет министрлиги Икрамидин Айткуловду адвокаттык лицензиясынан ажыраткан жок

Адилет министрлигинин комиссиясы адвокат Икрамидин Айткуловдун өзүнүн жактоочусу – "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев боюнча тараткан билдирүүсүнөн эреже бузуу тапты. Бүгүн министрликтин комиссиясы адвокаттын билдирүүсүн этиканы бузат деп таанып, ага эскертүү берди. Бул тууралуу Айткулов өзү "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, ал Адилет министрлигинин чечимин кагаз түрүндө алган соң тийиштүү жерге арызданат.

"Менде Ташиевге карата психотроптук каражаттын колдонулуп атышы боюнча кээ бир негиздер бар болчу. Бирок аны колдонулуп аткан факт катары белгилеген эмесмин. Анын колдонулушу мүмкүндүгүн гана айткам. Көрсө, антип да айтпаш керек экен. Муну түп-тамырынан бери туура эмес деп ойлойм. Тигил же бул фактыны текшериш үчүн суроо сала алам. Бул жактан алганда комиссиянын чечимин туура эмес деп ойлойм", - дейт Айткулов.

Эскертсек, Айткуловду адвокаттык лицензиясынан ажыратуу боюнча башкы прокуратура суранган. Бирок, комиссия аны лицензиясынан ажыраткан жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД