Депутат Эсенгул Исаков фермерлерге 5 жылга жеңилдетилген кредит берүүнү суранды

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Эсенгул Ибраев фермерлерге жеңилдетилген кредитти эки жылга эмес, беш жылга берүүнү суранууда. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-январда, болгон жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт 2013-жылы жылдык пайызы 10% болгон жеңилдетилген кредитти берүүнү пландап атат.

"Малчыларга карызды кайтарып берүү үчүн кеминде 5 жыл керек. Алар үчүн 2 жыл өтө эле аз. Мен кредит берүүнүн мындай шарты менен макул эмесмин. Анткени алардан эч кандай пайда жок. Өткөн жылы фермерлерге берилген 1 млрд сом кредиттен кандай пайда болду?" - деп суроо салды Исаков.

Эл өкүлү ошондой эле өзүндөгү маалыматтарга караганда, өкмөт "Фермерлерге жеткиликтүү кредит - 2" долбоорунун алкагында пландалган 700 млн сом эмес, 556 млн сом гана карап атканын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД