Газга болгон карыз эки күндө 670 миң долларга өстү

21-январга карата алынган маалымат боюнча кардарлар "Кыргызгаз" ААКына жалпысынан 4 млн 854 миң доллар. Эки күндө карыз дагы 671 миң долларга өстү. Бул тууралуу компаниянын басмасөз кызматынан "ВБ" билдиришти.

Мурдагыдай эле негизги карыскор компаниялар "Кыргызжилкоммунсоюз" – эки күндө карызы 94 млн сомдон 104 млн сомго чейин өскөн. "Бишкекжылуулукэнергонун" карызы 74 млн сомдон 78,6 млн сомго чейин өскөн. Ал эми Бишкек ТЭЦинин жалпы карызы 20,6 млн сомду түзөт.

Ошол эле учурда Кыргызстан өзбекстандык жана казакстандык газ алып келүүчүлөргө болгон карызы 4 млн 854 миң доллар. "КазТрансГазга" – 4 млн 139 доллар жана "Узтрансгазга" – 714 миң доллар карыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД