7-апрель боюнча соттолуп аткан Данияр Дунганов үй камагына чыгарылды

2010-жылдагы апрель окуясы боюнча соттолуп аткан Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасынын экс-орун басары Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасы үй-камагына алмаштырылды. Мындай чечимди сот ишине төрагалык кылган судья Дамир Оңолбеков кабыл алды.

Анын айтымында, тараптарды уккан соң, ал айыпталуучунун оорусун эске алып, баш коргоо чарасын өзгөрткөн.

Адистердин да пикирин угуп, ошондой эле МУККнын 9-бөлүгүнүн кызматкерлеринин 211 колун жана Ысык-Көл облусунун тургундарынын 302 колун эске алып, Дунгановду атайын клиникадан дарыланууга жиберди. Жогоруда кол койгон кишилер Дунгановду маалында сотко келип турат деп кепилдик беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД