Январдын аягына чейин Кыргызстандын газга болгон карызы $10 млн болушу мүмкүн

Январь айынын аягына чейин Кыргызстандын Өзбекстан жана Казакстанга жаратылыш газы үчүн болгон карызы 10 млн долларга жетиши мүмкүн. Мындай болжолдоолорун "Кыргызгаз" "ВБ"га билдирди.

Компания карызкор үч мекеме карыздарын төлөбөй атканын айтууда. Андан сырткары карыздын көлөмү күн сайын өсүүдө.

"Кыргызгазга" ири өлчөмдө карыз болгондор "Кыргызжилкоммунсоюз" – 104 млн сом, "Бишкекжылуулукэнерго" – 78,6 млн жана "Электр станциялары" ААК – 20,6 млн сом карыз. Жалпысынан алганда үч компаниянын карызы 4,3 млн долларды түзөт.

Түзүлгөн кырдаалдан улам коңшу мамлекеттен келип аткан көгүлтүр отунга чектөө кириши мүмкүн. Өзбекстан карыздарды төлөө керектиги тууралуу бир нече жолу билдирди.Эгер карыздар төлөнбөсө Ташкент Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтото тургандыгына сөз берүүдө. 21-январга алынган маалымат боюнча "Кыргызгаз" "Узтрансгазга" 714 миң доллар карыз.

Казак тарап азырынча эч кандай эскертүүлөрүн билдире элек. "Кыргызгаздын" "КазТрансГазга" болгон карызы 4 млн 139 миң доллар.

Ошентип, Кыргызстандын газ үчүн коңшуларына болгон карызы 4 млн 854 миң долларды түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД