Апрель окуясында жабыркагандар “бардыгын жоопко тартууну” талап кылат

2010-жылдын апрель окуясында жабыркагандар митингге чыгып, "соттолуп аткандардын баардыгын темир тор артында отуруусун" талап кылышмакчы. Бул тууралуу жабыр тарткандарды коргогон Осунбек Жамансариев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдын 7-апрелинде жапа чеккендердин бардык уюмдары бүгүн чогулуп, кийинки кадамдарын талкуулашат. "Биз митингге чыгууга даярбыз жана айыпталуучулардын бардыгын темир тор артына отургузууну талап кылабыз", - дейт Жамансариев.

Ал сот иши аяктаар алдында кээ бир адамдардын баш коргоо чарасын өзгөртпөшү керек болчу деп кошумчалады. "Сотто 12 атайын кызматтын кызматкери суралган жок, бир канча күндө эле аларды сурап туруп, сот ишин жыйынтыктаса болмок. Бирок сот эмнегедир Данияр Дунгановду бошотуп ийди", - дейт Жамансариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД