“Кыргызжилкоммунсоюз” айдын аягына чейин газга болгон карызын төөлөгө сөз берди

"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы бардык карызын январь айынын аягына чейин төлөөгө сөз берди. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын директору Мурат Мурзаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү ишкананын "Кыргызгазга" болгон карызы 92 млн сомду түзөт. Жакында эле "Кыргызжилкоммунсоюз" 40 млн сом төлөп берген.

Ал ошондой эле учурда бир катар казан-мештерде газ колдонулуп атканын айтып, алардын көпчүлүгү Токмок шаарында экенин кошумчалады.

Директордун айтымында "Кыргызжилкоммунсоюзга" ири суммада карыз болгон тараптар жок. Эмне себептер мекеменин мындай көп карызы чогулганын Мурзаев тактап айткан жок.

Түзүлгөн кырдаалдан улам коңшу мамлекеттен келип аткан көгүлтүр отунга чектөө кириши мүмкүн. Өзбекстан карыздарды төлөө керектиги тууралуу бир нече жолу билдирди.Эгер карыздар төлөнбөсө Ташкент Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтото тургандыгына сөз берүүдө. 21-январга алынган маалымат боюнча "Кыргызгаз" "Узтрансгазга" 714 миң доллар карыз.

Казак тарап азырынча эч кандай эскертүүлөрүн билдире элек. "Кыргызгаздын" "КазТрансГазга" болгон карызы 4 млн 139 миң доллар.

Ошентип Кыргызстандын газ үчүн коңшуларына болгон карызы 4 млн 854 миң долларды түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД