Апрель окуясында жабыркагандар: УӨ мүчөлөрү бизди унутуп калды

"Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөлөрү бизди унутуп калды", - деп 2010-жылдагы апрель окуяларында жабыркагандардын укугун коргогон Осунбек Жамансариев бүгүн "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, соттолуп аткан Данияр Дунгановдун үй камагына чыгарылышы "айыпталуучулардын бардыгын бошотуп жибериши мүмкүн" деген ойго түртөт.

"Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү буга жоопкер болушу керек. 2010-жылдагы окуядан кийин алар күнөөлүүлөрдүн бардыгы жоопко тартылат деп билдиришкен. Бирок бүгүн алар бизди унутуп, соттоло тургандарды четинен бошотуп атат", - дейт ал.

Ал ошондой эле жабыр тарткандар "убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көз карашына нааразы" экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД