Үч айлык кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте үч айлык кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан "ВБ"га билдиришти.

Укук коргоо органдарына ымыркай кыздын чоң энеси кайрылган. Билдирүү түшөөрү менен дароо тартип сакчылары аталган дарекке барышкан.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, окуяга шектүү деп 21 жаштагы бала кармалган. Тергөөчүлөр жапа чекти делинген жана шектүү адамга бир катар экспертиза жүргүзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД