Лебединовкадагы мектептин жанынан жашы жете элек кыз уурдалган

Лебединовка айылындагы мектептин жанынан жашы жете элек кызды бир киши уурдап кеткен. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан билдиришти.

Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кыздын атасы кайрылган. Ал Рахмон аттуу жигит анын 17 жаштагы кызын уурдап кеткендигин айткан. Ал кызынын уурдалганына бир нече күн болгонун, бирок кызды уурдаган кишинин кайда экени тууралуу эч кандай маалымат жоктугун билдирген. Аталган факты боюнча издөө иши ачылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД