Компанияларды аталыштарын кириллицада гана каттоого милдеттендирүү каралууда

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин бүгүнкү, 22-январдагы, жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов аталышы кириллицада болбогон фирмаларды каттоого албоону сунуштады.

"Эгер компания дүйнөлүк бренд болбосо, анда каттоо учурунда өз тамагаларыбыз менен жазсын", - деп мыйзам долбоорунун мазмуму тууралуу айтты. Шыкмаматовдун айтымында, чектөө бир гана жергиликтүү компанияларга карата колдонулушу керек.

"Эгер фирма эл аралык соодага чыгууну кааласа, анда эмне болот?", - деп "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко кызыкты.

Министр мыйзам долбооруна ылайык, чектөө бир гана аталышы кыргызча жана орусча болгон юридикалык жактарга гана тийиштүү деп түшүндүрмө берди. Шыкмаматов ошондой эле буга чейин аталышы латынча жазылган компаниялар кайтадан каттоого алынбай турганын билдирди. "Бул дүйнөдө кеңири колдонулган тажрыйба. Казакстанда ушундай тажрыйба бар",- деди ал.

"Республика" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова бизнес чөйрөсүндө аталган мыйзам долбооруна карата каршылык болот деген ойдо. "Эл аралык жана жергиликтүү компанияларды так көргөзүү керек. Эл аралык компанияларга мындай чектөөлөрдү киргизүү болбойт",- дейт депутат.

Өз кезегинде Шыкмаматов мыйзамдын кабыл алынышы менен компанияларды каттоо калыпка салынат деп депутаттарды ишендирди. "Ошондой эле өз тилибизди, тамгаларыбызды сыйлоо керек. Антпесе азыр латынча мода болуп кетти", - деп кошумчалады ал.

Бирок, Султанбекова "кыргыз тили бала бакча жана мектеп аркылуу өнүксө жакшы болмок" деген оюн билдирди.

"Мыйзамдын максаты – кыргыз тилин өнүктүрүү эмес, ал каттоо учурунда бардыгы түшүнүктүү болушун камсыздоо", - деп жооп кайтарды Шыкмаматов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД