Курмантай Абдиев: Кылмыштуулуука каршы күрөшүү мыйзамын иштеп чыгуу керек

"Түркмөнстанда уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) жана криминалдык авторитеттер жок. Учурунда ал жакта кылмышкерлер Түрмөнбашыга кол салганда алардын баарын тазалаган. Керек болсо туугандары да калган эмес. Мен Түркмөнстанда болдум жана бизге ушундай маалымат бергенде абдан таң калдым. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоору бизге керек. Бирок аны жакшылап иштеп чыгыш керек", - деп парламенттик угууда "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев билдирди.

Эскертсек, буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы, экс-ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо УКТнын мүчөлөрү мөөнөтүн толугу менен отурушу керектигин жана криминалдык авторитеттерге карата амнистия каралбашы керектигин айткан эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД