Быйыл Соцфонд бюджеттик кызматкерлердин айлыгына 76 млрд сом карады

Жайында Соцфонддун кызматкерлеринин айылыгын жогорулатуу каралууда.

Кыргызстандын социалдык фонду 2013-жылы бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлыгы үчүн 76 миллиард сом карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин бүгүнкү, 22-январдагы, жыйынында Соцфонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Анын айтымында, социалдык төлөмдөр үчүн Соцфонддон 21 млрд сом каралган.

"Алардын 181 млн сому дыйкан чарбасына берилет. Ошондой эле пенсионерлер электр энергиясына болгон компенсацияны алып башташат. Аны төлөө 2011-жылы башталган. Бул тармакка быйыл 184 миң сом бөлүү каралган. Аскерлердин айлыгы үчүн 1 млрд сом каралган", - дейт Абулгазиев.

Ал ошондой эле, жайында Соцфонддун кызматкерлиринин айлыгын көтөрүү каралганын билдирди. "Бүгүн алдыңкы адистин айлыгы 4,5 миң сомду түзөт", -дейт атка минер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД